Ташкендеги бокс турниринде төрт кыргызстандык финалга өттү

Эл аралык турнирдин финалында 49-60 килограмм салмактагы спортчулар менен кыргызстандык Турат Осмонов, Азат Усеналиев, Өмүрбек Малабеков жана Акжол Сулайманов беттешет. Финал бүгүн болот.

17-май күнү дагы бир боксчу Каныбек Азамат уулу азербайжандык спортчу менен беттешип, утулуп калды. Ага үчүнчү орун ыйгарылып, коло медал тагынды. (SE)