Балкандагы суу каптоодон 14 киши каза болду

Босния жана Герцеговинадагы суу каптоодон бери дегенде 7 киши каза тапты. Үч күндөн бери нөшөрлөп жааган жаан-чачындан улам дарыялардын суусу көтөрүлүп, Босния жана Cербиянын борборундагы айыл-кыштактарды каптады. Бардыгы болуп 14 кишинин өлгөнү кабарланууда.

Мындай суу каптоо 100 жылдан бери боло элек эле.

Жаратылыш кырсыгына кабылган аймактардагы элге жардам берүү иштерине армия, полиция, өрт өчүргүчтөр менен ыктыярчылар тартылды. Он миңдеген киши эвкуацияланды.