Премьер-министр Режеп Тайып Эрдогандын жардамчысы коопсуздук күчтөрүнүн эки жоокери сүйрөп бараткан протестчини тээп жатканын көрсөткөн видеотасма Түркияда кыжырдануу жаратты. 15-майда Түркиянын медиабулактары протестчини тээп жаткан адам премьер-министрдин кеңсе башчысынын орун басары жана кеңешчиси Юсуф Йеркел экенин жазып чыгышты. Окуя 14-майда Эрдоган Сома шаарына барган кезде демонстранттар менен полиция ортосунда чыккан кагылышуу учурунда болгон.
Сома көмүр кениндеги кырсыкта кеминде 283 жумушчу набыт болгон. Йокус деген кенчи:
- Мен экинчи көмүр кенине кирбегенге аракет кылам. Эгер өкмөт жардам көрсөтүп, татыктуу иштегенге шарт түзүлсө, жагдай өзгөрүшү мүмкүн. Бирок мен экинчи жер астына кирбейм, жашагым келет,- дейт.
Йеркел болгон окуя үчүн 15-майда кечирим сурап, бирок аны мындай кадамга барганга протестчилер өздөрү түрткөнүн айтты. Ошол эле күнү кырсык болгон кенге президент Абдулла Гүл да барган.