19-майдан тарта күн сууктайт

19-23-майда Кыргызстандын аймагында абанын температурасы кескин төмөндөйт. Синоптиктердин айтымында, көпчүлүк жерлерде нөшөр жаан жаап, шамал катуулайт, сел жүрүү коркунучу күчөйт.

Талас, Кемин, Нарын, Ысык-Көлдө түнкүсүн абанын температурасы -2ге чейин төмөндөп, үшүк жүрөт. (RK)