Кэрри Москваны украин шайлоосуна бут тоспоого чакырды

АКШнын Мамкатчысы Жонн Кэрри Орусия Украинада пландалган президенттик шайлоого кийлигишсе, Москвага каршы дагы экономикалык сакнциялар киргизилээрин эскертти. Лондондо европалык шериктеш өлкөлөрдүн тышкы иштер министрлери менен жолугушуудан кийин сүйлөгөн Кэрри ушул айдын этегине белгиленген украин шайлоосуна Орусия бут тоссо, бул өлкөнүн кен казуу, газ жана башка тармактарын бутага алган санкциялар киргизүү макулдашылганын бышыктады.