Бишкекте түрк жараны уулануудан каза тапты

Республикалык санэпидкөзөмөл департаментинин өкүлү Шабдан Рыскулов “Азаттыкка” билдиргендей, маркумдун ашказанын текшерген учурда белгисиз уулуу заттар аныкталган.

Ууланган адам 42 жашта болчу, эч жерде иштечү эмес. Ал 11-май күнү “Анталья” кафесинде тууганы менен тамактанган. Ал жерден таңга жуук кеткен. Кечке маал өзүн жаман сезип, республикалык жугуштуу оорулар ооруканасына кайрылган.

Окуяны күч кызматкерлери да текшере баштады. Маркум кандай жагдайда, эмнеден ууланганы азырынча анык эмес. Ал акыркы жолу тамактанган “Анталья” кафесинин башка кардарларында эч кандай уулануу же оорунун белгилери катталган эмес. (SE)