ЕБ Орусияга каршы санкцияны кеңейтти

Евробиримдик Украинадагы кризиске байланыштуу кошумча дагы 13 адамга жана эки компанияга санкция колдонууну туура тапты. Дипломаттык булактардын айтымында, мындай чечим Биримдиктин тышкы иштер министрлеринин 12-майда Брюсселде болгон жыйынында кабыл алынды. Маалыматта береги эки компания Орусия 18-мартта Крымды аннексиялап алгандан кийин мамлекеттик менчикке өткөрүлгөнү айтылат.

Ушуну менен Евробиримдик Украинадагы кризистен кийин уюмга мүчө өлкөлөргө каттоого тыйуу салган жана банк эсептерин камакка алаган адамдардын саны 61ге жетти.