Жалал-Абад козу карыны Европада

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Тоолордо өскөн кадимки жапайы козу карын эми Европа өлкөлөрүндө баалуу азыкка айланды. Ошол себептүү Жалал-Абад облусунун тоолуу аймактарында козу карын терген адамдардын саны арбыды. Быйылкы сезондо 1 кг. суулуу козу карындын баасы 200дөн 500 сомго чейин көтөрүлдү. Анын кургатылганы 8 миң сомго чейин чыкты. Козу карынды негизинен түрк ишкерлери сатып алып, Европа өлкөлөрунө экспорттойт.