Орусия жергесинде кыргызстандык эмгек мигранттарынын саны менен кошо сапаты да өсүп жатат. Мындай оюн Орусиянын Федералдык миграциялык кызматынын өкүлү Олег Артомонов кыргызстандык мигранттардын бүткүл дүйнөлүк 3-курултайына катышып жатып билдирди.
Анын айтымында, Орусиядагы 79 кыргыз диаспорасынын өкүлдөрү жергиликтүү кеңештердин катарына кирип, мамлекеттик органдардын ишине түздөн-түз таасир этүүдө.
Артомонов Орусиядагы Кыргыз диаспорасынын өкүлдөрүн айлана-чөйрөнү коргоого, коомдук тартипти сактоого кошкон салымы үчүн сыйлоого мезгил келди деп эсептейт. (SK)