Москвада ВИЧ-СПИД боюнча жыйын өтөт

12-13-майда Москва шаарында Чыгыш Европа жана Борбор Азиядагы ВИЧ/СПИД маселелери боюнча 4-конференция өтөт. Ага КМШ менен ШКУга мүчө өлкөлөрдүн, ошондой эле башка мамлекеттердин делегаттары, эларалык жана бейөкмөт уюмдар катышат. Бул тууралуу Кыргызстандын Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Анда Борбор Азиядагы ВИЧ/СПИДге каршы күрөшүүнүн натыйжасы баяндалып, аталган илдеттин алдын алуу боюнча иш-чаралар өткөрүлөт.

Республикалык “СПИД” борборунун маалыматы боюнча 2014-жылдын 1-майына карата Кыргызстанда ВИЧ-инфекциясын жугузуп алган 5 337 адам катталган.

Адистердин айтымында, бул илдетти жыныстык жол менен жуктургандар көбөйүүдө. (МТо)