Киев: Мариуполдо 20дай “террорчу” жок кылынды

Украинанын коопсуздук күчтөрү менен орусиячылдар ортосунда Мариупол порт-шаарында 9-майда болгон салгылашууда 20 чакты террорчу жок кылынды. Бул жөнүндө Украинанын Ички иштер министрлиги маалымдады. Террорчулар коопсуздук күчтөрү шаардык полициякананы жикчилдерден бошоткону жатканда чыккан катуу салгылашуу кезде катардан чыгарылган. Интерфакс агенттиги коопсуздук күчтөрү жикчилдерге каршы мыкты корголгон аскерий машинелерди пайдаланып жатканын билдирди.

482 миң калктуу Мариупол Украинанын түштүгүндөгү эң чоң өнөр жай борбору жана жол түйүнү.