Шишкебектен уулангандар дарыланууда

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Ноокендин "Эркинахун" кафесинен шишкебек жеген 21 адам ооруган. Шишкебектен жабыркагандардын бешөө ар кыл курактагы балдар. Алардын он үчү адегенде райондук оорукананын жугуштуу оорулар бөлүмүнө саламаттыгы орточо абалда жаткырылган. Оорудан айыккан үч киши 8-майда үйүнө чыгарылды. Алардан башка дагы сегиз киши медициналык тиешелүү жардам алып, абалы жакшы болгондуктан ооруканага жаткырылган эмес. Ушу тапта жугуштуу оорулар бөлүмүндө он адам дарыланууда.