Өзбекстан жарандарын чек арадан алыстатууда

Өзбекстан Кыргызстандын Ала-Бука районундагы чек арасына жакын жайгашкан айылдарын ичкери жылдырууда. Бул тууралуу Ала-Букадагы чек отрядынын командири Замирбек Надырбеков журналисттерге билдирди. Анын айтуусунда, мындай аракет мамлекеттик чек араны бекемдөө жана бейтарап аймакты түзүү максатында болуусу мүмкүн.

Жалал-Абад облусу Өзбекстан менен 520 чакырым жерде чектешет, анын 119 чакырымы аныктала элек. Өзбекстан чеги такталган аймактарындагы калктуу пункттарын чек арадан алыс жайгаштырып, ал жердеги үйлөрдү сүрдүрүп салууну Оштогу кыргыз-өзбек чек арасында бир нече жыл мурда баштаган. Ошол эле учурда мамлекеттик чек аранын эки тараптуу аныкталган тилкелеринде кыргыз өкмөтүнүн эсебинен да зым тосмолор жана бетон мамылар орнотула баштаган. (YA)