Айрым райондордо сел жүрдү

Кыргызстандын айрым райондорунда сел жүрүп, учурда анын кесепеттерин жоюу иштери жүрүп жатат. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашкандай, нөшөр жаандын айынан Оштун Араван районундагы Керме-Тоо айыл аймагында, Баткен облусунун Лейлек районунун Коргон айылында жана Жалал-Абаддын Ноокен районуна караштуу Чек айылында сел жүргөн. Адам өмүрүнө зыян тийген жок. (RK)