Бишкекте Одесса курмандыктары эскерилди

Аза митинги Украинанын Бишкектеги элчилигинин алдында өттү.

Аза митингине келгендер элчиликтин алдына гүл коюп, шам жагышты.

Митингдин уюштуруучулары бул акция эч кандай саясий максат көздөбөсүн жана ага эч кимди үгүттөп чакырышпаганын айтышты.

Уюштуруучулар акция тууралуу тек гана Фейсбукка жазышканын, адамдар ошондон окуп алып эле эскерүү иш-чарасына келип жатканын белгилешти.

Сыртка чыккан элчиликтин кызматкери келгендерге ыраазычылык билдирүү менен элчилик көңүл айтуу китебин ачканын, каалоочулар болсо ага өз жазууларын калтырса болоорун сунуштады. Мындан соң айрымдар бул китепке көңүл айтууларын калтырышты.