Одессада камактагы орусиячыл 67 киши бошотулду

Бүгүн Украинанын чыгышындагы Одесса шаарында орусиячыл эки миңге жакын киши полициянын кеңсесине чабуул жасап, анда кармалып турган ондогон жолдошторун бошотууну талап кылышты. Ал жерде 2-майдагы кагылыш жана өрттө 40тан ашуун адам мерт болгон окуя үчүн шектелгендер кармалып турушкан.

Сепаратисттер тополоң чыгарып, имараттын дарбазасын ургулап, терезелерин сындырышты. Украинанын Ички иштер министрлиги кийинчерээк ал абактан орусиячыл 67 киши бошотулганын кабарлады.