Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги адам өмүрү кыйылган Украинадагы акыркы күндөрдөгү окуяларга тынчсызданат. Бул тууралуу тышкы саясат мекемесинин бүгүн тараткан билдирүүсүндө айтылат. Анда жаатташкан тараптарды зордук-зомбулукту токтотууга, БУУнун уставы жана эл аралык укуктук документтердин негизинде тезинен диалогго келүүгө үндөгөн.
Украинанын чыгыш облустарында федерализацияны талап кылган орусиячыл жикчилдер менен Киевдеги бийликти колдогондор ортосунда тиреш уланууда. 2-майда Одесса шаарындагы кагылыш учурундагы өрттөн 30дан адам каза тапкан.(BkA)