Нарын: Күч – бирдикте

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Нарын шаарынын Теңир-Тоо аянтында 200гө жакын жаштар “Күч-бирдикте", “Кайрымдуулукка кайдыгер болбойлу” деген ураандар менен флеш-моб уюштурушту. Флешмобтун максаты - 5 жаштагы Улукбек Марсбек уулунун көзүнө операция кылууга каражат чогултуу, коомчулуктун көңүлүн буруу экенин уюштуруучулар билдирди. Көзүнөн жабыркаган Улукбекке операция кылуу үчүн 20 миң Америка доллары керек. Жаштар керектүү сумма чогулмайын мындай акциялар улана берээрин билдиришти.