Славянскта орусиячыл жикчилдер эки тик учакты атып түшүрдү

Украинанын чыгышындагы Славянск шаарындагы орусиячыл жикчилдер шаарда өкмөттүк аскерлер кеңири масштабдуу операция жүргүзүп жатканын айтып чыгышты. Ал жакта жүргөн Reuters агенттигинин фотографы калаа четинде Украинанын учактары аткылап жатканын билдирди. Жикчилдер, элдик мэр деп жарыялаган Вячеслав Пономаревдун маалыматы боюнча, өкмөттүк эки тик учакты атып түшүрүштү. Украинанын ички иштер министри Арсен Аваков өзүнүн Фейсбуктагы баракчасында чындыгында эле жикчилдер учактарды зениттик ракетадан аткылашканын, андан бир учкуч каза таап, дагы бири жараат алганын тастыктады.

Славянск шаары өткөн айдан бери орусиячыл жикчилдердин көзөмөлүндө турат. Алар шаардагы көпчүлүк өкмөттүк имараттарды басып алышкан.