Атамбаев: Түштүктөгү газ маселеси бир-эки айда чечилет

Бул тууралуу президент Алмазбек Атамбаев Тогуз-Торо районунун Казарман айылында түштүк менен түндүктү байланыштырчу жаңы жолдун курулушун баштоо аземинде билдирди. Анын айтымында, учурда түштүк аймакты кайрадан газ менен камсыз кылуу маселесинин үстүндө “Газпром” компаниясы иштеп жатат. Президент айрым адамдар “Кыргызгаздын” орусиялык “Газпромго” сатылышын сындап жатканын, бирок "алар абалды түшүнбөй жатканын" айтты:

- Албетте, биз коңшу мамлекеттерди сыйлайбыз. Бирок айрым коңшулар менен чек ара маселелери, талаш-тартыштар бар болсо, аларга газдан көз каранды болгонубуз туура эмес. Эмнеге чек ара маселеси 23 жылдан бери чечилбейт? Анткени айрым коңшулардан кыш келген сайын газ сурап барчубуз, - деди президент

Өзбекстандын “Узтрансгаз” компаниясы Кыргызстандын түштүгүнө газ берүүнү 14-апрелде токтоткон. 10-апрелде Бишкекте “Кыргызгазды” “Газпромго” биротоло өткөрүп берүү боюнча документке кол коюлгандан кийин өзбек тарап ушундай кадамга барган. (BkA/TSh)