Москвада 1-май майрамдык парадына он миңдеген адамдар катышты

Парад СССР урагандан бери биринчи жолу Кызыл аянтта өттү. Москва милициясынын маалыматы боюнча, майрамдык жүрүшкө Москванын мэри Сергей Собянин баштаган 100 миңден көп киши катышты. Майрамдык ураандардын арасында президент Владимир Путиндин Крымды Орусияга кошуп алуу боюнча чечимин колдогон чакырыктар болду. Жалпы Орусия боюнча майрамдык салтанатка 2 миллиондун тегерегинде киши катышкан. (AiT)