Ооганстан түндүгүндө жанкечти өзүн-өзү жардырып жиберди

Панжшер жана Парван провинцияларынын чек арасында болгон жардыруудан полициянын алты кызматкери набыт болду. Панжшер провинциясынын полиция башчысынын орун басары Нажим Хандын айтымында, кол салууда бери дегенде 7 киши өлүп, көптөгөн адамдар жарадар болду. Талиптердин өкүлү Забиулла Муджахид кол салууга ал жетектеген топ жооптуу экенин билдирди. (AiT)