Ноокенде айдоо аянтын сел жууп кетти

30-апрелде жааган катуу жаандан Кара-Үңкүр дарыясы нугунан чыгып, Ноокен районундагы Чек айылынын карамагындагы 6 гектар айдоо аянтын жууп кетти. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашты. Маалыматка караганда деңгээли көтөрүлүп кеткен дарыя 700 метрден ашык дамбаны жарактан чыгарган. Учурда дамбаны калыбына келтирүү иштери жүрүп жатат.(BkA)