Самаркандда жаңы амфитеатр курууда эки медресе зыян тартты

Медреселер атактуу Регистан архитектуралык комплексине жакын жайгашкан. “Азаттыктын” өзбек кызматынын 30-апрелдеги кабарлоосуна боюнча, 17-кылымда курулган Шер-Дор жана Тилля-Кори медреселери сегиз сантиметрге кыйшайган. Бул 10-майда ачыла турган амфитеатрдын курулушу менен байланышкан. Эки медресе тең ЮНЕСКОнун “Маданий мурастар” тизмесине киргизилген. Өзбек өкмөтү минераттерге түшкөн коркунучту моюнга алып, аны түзөө боюнча иштерин жүргүзүлүп жатканын билдирүүдө. (AiT)