Таштанды талаасындагы турмуш

Таштанды талаасында пенсионерлер да, мектеп курагындагы балдар да иштешет.

Шаар ичиндеги таштанды кутуларга ташталган бөтөлкөнүн баарын таштанды талаасынан көрсө болот. Бирок ага чейин селсаяктар жана "Тазалыкта" иштеген кызматкерлер шишелердин ырыстуусун терип кетишет.

"Тазалыктын" таштанды ташыган унаалары келери менен бул жактагылар жабалактап каза башташат.

Бул жерден кузгундардан кошо талашкан жүзгө жакын адамды көрүүгө болот.

Бул Мира Чомоева. Күйөөсү экөө көптөн бери таштандыдан табылган ырыскы менен 5 баланы чоңойтуп жатышат.

Шаарда атылган ит-мышыктар да ушул жерге төгүлөт. Ал үчүн атайын кудук даярдалганы менен андан чыккан жыттан жанына барууга мүмкүн эмес.

Таштандыда иштегендер ушул жерден эле түштөнөт.

Бульдозер таштандыларды улам өйдөлөтүп турат.

Таштанды талаасында көптөн бери иштегендердин алды машине алганга үлгүргөн. Таштандыдан тапкан олжолорун шаарга келип пулдашат.

Таштандыга жакын жайгашкан үйлөр темир-тезек, желим бөтөлкө, кагаз куту алган жайга айланган.

Таштанды үстү-үстүнө төгүлө берип өзүнчө катмарлар пайда болгон.

Таштандыдан тамак-аш калдыгынан баштап, өлгөн малдын сөөгүнө чейин көрүүгө болот. Баары аралаш.

Санитардык норма боюнча турак-жай менен таштанды талаасынын ортосунда 500 метр аралык сакталышы шарт. Деген менен таштанды талаасы менен бүтүндөй бир конуштун ортосу 10 гана метр.

Ит-куштун ордосу да ушул жер.