Бильярд боюнча өлкө чемпиондору аныкталды

Бүгүн Бишкекте «кураштырма пирамида» ыкмасы менен бильярд ойноо боюнча жаштар, уландар арасында өлкө чемпионатынын финалдык беттешүүлөрү жыйынтыкталды. Бул тууралуу «Азаттыкка» чемпионаттын башкы калысы, спорт чебери Ильяс Адамов кабарлады.

Анын айтымында, 18 жашка чейинки уландар арасында өлкөнүн көп жолку чемпиону Ызаатбек Раатбеков быйыл да баш байгенин ээси болду. Ал финалда таластык Дастан Лепшаковду утуп алды. Бишкектик Канат Жолдошбеков менен таластык Бектур Арзыматов коло байгелүү болду.

11-14 жашка чейинкилер арасында өлкө биринчилиги өзүнчө өтүп, мында Баткен облусунун Кадамжай районунун Дыйкан орто мектебинин окуучусу 12 жаштагы Абдыжапар Алибаев жеңүүчү деп таанылды. 11 жаштагы бишкектик Азамат Амираев экинчи орунду ээледи.

Жеңүүчүлөр 14-майда Орусиянын Санкт-Петербург шаарында өтө турган эл аралык турнирде өлкө намысын коргойт. Бул ирет быйыл август айында Ысык-Көлдө жаштар арасында өтө турган бильярд боюнча дүйнө чемпионатына да мыкты оюнчулар тандалды. (КМа)