Жалал-Абадда нөшөр жаан көпүрөнү алып кетти

Жалал-Абад шаарынын аймагындагы Кызыл-Суу айылынын көпүрөсүн нөшөр жаан алып кетти. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашкандай, 29-апрелде түшкө маал Жалал-Абад - Кызыл-Суу унаа жолунун 58-чакырымындагы Ичке-Сай сайында көпүрөнүн кыйрашынан 150 түтүн унаа каттамысыз калды. Адам өмүрүнө зыян тийген жок. (RK)