Көк-Жарда жарылуучу зат табылды

Аламүдүн районунун Көк-Жар айылында жайгашкан үйлөрдүн биринде жарылуучу зат табылды. Бул тууралуу бүгүн Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашты. Окуя болгон жерге Коргоо министрлигинин сапёрлору барып, жардыргычты коңшу Ала-Тоо айылындагы аскердик полигондон зыянсыздандырышты. Адам өмүрүнө зыян тийген жок. Окуя иликтенүүдө. (RK)