Орусия америкалык 4 мугалимди өлкөдөн чыгарууга буйруду

Чебоксары шаарында сот туристтик визанын шартын бузду деген айып менен аттары аталбаган төрт америкалык мугалимди өлкөдөн чыгарууга өкүм кылды. Сот 25-апрелде төртөө жергиликтүү университетте иштеп, «америкалык баалуулуктарды жайылтып жаткан» деп тапты. Сот алардын ар бирин 2 миң рублдан айыпка жыкты.