Ош шаарындагы көчө бойлоруна 200 миң түп гүл көчөтү отургузулду. Бул тууралуу шаардын Көрктөндүрүү жана жашылдандыруу комбинатынан кабарлашты. Учурда дагы 5 миӊ даана роза гүлү жана Чехиядан алынып келинген уруктан 180 миң даана түрдүү гүл көчөттөрү эгилүүгө даярдалууда.
Мындан сырткары Ош шаарын өнүктүрүүнүн 2017-жылга чейинки планында дагы 500 миң дарак эгүү, шаардын жашыл аянттарын 6000 чарчы метрге чейин кеңейтүү каралган.(YI)
Мындан сырткары Ош шаарын өнүктүрүүнүн 2017-жылга чейинки планында дагы 500 миң дарак эгүү, шаардын жашыл аянттарын 6000 чарчы метрге чейин кеңейтүү каралган.(YI)