S&P's Орусиянын рейтингин төмөндөттү

Standard & Poor's эл аралык рейтинг агенттиги Орусиянын суверендик кредиттик рейтингин “ВВВ+” деңгээлинен "ВВВ-" тепкичине түшүрдү. Буга Украинадагы кризистен улам капитал Орусиядан тышка көп чыгарылып кетүүсү негиз болду.

Орус өкмөтүнүн эсебинче, 2014-жылы тышка 70 миллиарддан 100 миллиард долларга чейин чыгарылып кетет.
Суверендүү кредит рейтинги өлкөнүн же чоң компаниянын эл аралык финансылык рыноктон насыя алганда анын баасы канчалык кымбат болорун көрсөтөт.