Кабулда полиция кызматкери үч чет өлкөлүктү атып салды

Кабулда полиция кызматкери ооруканадан үч чет өлкөлүк жаранга ок чыгарып, андан соң өзүн өзү атып өлтүрдү. Набыт болгондордун арасында эки аял бар. Бийликтин маалыматы боюнча, каза тапкандар медицина кызматкерлери эле.

Күбөлөрдүн айтымында, шаардын батыш тарабында жайгашкан ооруканага кызматкерлер кирип бара жатканда полиция өкүлү аларды көздөй ок жаадырган.

Окуя орун алган оорукана мындан жети жыл мурун америкалык христиандардын кайрымдуулук уюмунун карамагына берилген.