Кыргызстанда аялдарды зомбулуктун бардык формаларынан коргой турган мыйзам долбоору даярдалып жатат. Бул туурасында “Азаттыкка” Социалдык өнүктүрүү министрлигинин Гендер саясаты бөлүмүнүн жетекчиси Назгүл Бейшеева билдирди. Зомбулукту алдын алып, үй-бүлө институтун бекемдөө максатында “Бекем үй-бүлө – бекем мамлекет” деген стратегия иштеп чыгуу демилгеси да көтөрүлүүдө.
Соңку маалыматтарга караганда, Кыргызстанда жылына зомбулукка кабылган 10 миң аял кризистик борборлорго жана ички иштер органдарына кайрылат. Үй-бүлөдө кордук көргөн аялдардын 56 пайызы ар кандай жараат алганын тастыктаган. Былтыр 11 аял күйөөсүнүн ур-токмогунан ажал тапкан. (AzK)