Карала уйдан төрт чака сүт
Голштино-фриз кара-ала уйлары америкалык букалардын уругу менен жасалма уруктандырылат. 1 доза уруктун баасы 6-7 гана доллар турат. Болгону урукту туура тандап, жасалма жол менен уруктандырган адис керек.
Бул уйлар ашыкча тоют деле талап кылбайт. Кадимки уйлар жеген жем-чөп менен багылат.
МИСтин музоолору буга чейин сатылып келген болсо, азыр жүйөөлүү себептерден улам сатыкка чыкпай калган.
Уйларга көбүнчө силос берилет. Силос сүттүн көп чыгышын шарттайт.
Ар бир музоого туулары менен кулагына сөйкө (бирка) салынып, өздүк номур берилет. Башкача айтканда ар бир уйдун паспорту бар. Паспортко туулгандагы салмагы, ата-теги ким экени жети атасына чейин жазылат. Анан сөзсүз түрдө ар бир музоого ат коюлат. Музоонун ата-энесинин аты кайсы тамгадан башталса ага да ошол тамгадан башталган ысым коюлат.
Саан бүткөндө уйлар үстү ачык короолорго чыгарылыт.
Голштино-фриз уйлары 22-60 литр сүт берет.
Бул музоолордун бала бакчасы. Тыңыгыча ушундай торчолордо багылып, кол менен сүт беришет.
Ар бир уй өздүк номуру боюнча байланат. Бул уйдун аты Самара, демек ата-тегинин аттары да С тамгасынан башталат.
Уй тууганына 3 ай өткөндөн кийин сүттү көп бере баштайт. Ар бир уй жылына 8-9 миң литр сүт берет.
Уйлар автомат менен саалат да сүт бир жерге топтолот.
МИСтин сүтү азырынча экспортко чыгарылбайт. Сүттүн көбүн жергиликтүү сүттү кайра иштеткен ишканалар алат.
Бул уйлар жайытка чыгарылбайт. Дайыма сарайда болушат. Ошондуктан 3 маал жем-чөп берилет.