Президент энергетика маселелерин талкуулады

Өкмөт кышка даярдыкты эмитен баштап, ири энергетикалык долбоорлорду үзгүлтүккө учуратпашы керек. Мындай талап бүгүн президент Алмазбек Атамбаевдин энергетика жана өнөр жай министри Осмонбек Артыкбаев менен жолугушуусунда коюлганын мамлекет башчынын маалымат кызматынан кабарлашты.

Атамбаев жаңы подстанцияларды куруу, отун-сууну камдоо, келишим түзүү, жабдууну тазалап, оңдоо иштери өз учурунда жүргүзүлүүсүн талап кылды.

Министр Артыкбаевдин айтымында, учурда Бишкек ТЭЦин жаңылоо башталды. 53 жыл мурда ишке берилген бул объектти оңдоо 2016-жылы аяктап, жаңы мештери жергиликтүү гана көмүр жагыла тургандай болот. (RK)