"Кудайберген" базарынын соодагерлери митингге чыгат

Алар соода орундарынын 4 миң сомдон 8 миң сомго кымбатташына нааразы болуп, 22-апрелде митингге чыгарын жарыялашкан. Базардын ээси Элвира Сурабалдиеванын социалдык тармактар аркылуу билдиргенине караганда, соода орундарына баа акыркы жолу 2009-жылы көтөрүлгөн. Ал эми жерге салык андан бери беш эсе көтөрүлдү. Ошондуктан баанын көтөрүлүшүн адилеттүү деген Элвира Сурабалдиева каалабагандарга башка жактан орун издөөнү сунуштаган. (AiT)