Иракта дагы теракт жасалды

Жанкечтинин Ирактын борбордук бөлүгүндө жайгашкан полиция бекетиндеги жардыруусунан 10 киши мерт кетти. Багдаддын түштүгүндө Сувейрах аймагында 21-апрелде болгон теракттан 35 киши жарадар болгон. Багдаддагы эки университеттин биринде 20-апрелде болгон жардыруудан 16 киши өлгөн эле. 30-апрелде боло турган парламенттик шайлоонун алдында Иракта коопсуздук маселеси курчуп кетти. (AiT)