Тиешелүү токтомго өкмөт башчы 19-апрелде кол койгонун өкмөттүн маалымат борборунан билиришти. Токтомдо аймактагы инфраструктураны жана каттам потенциалын өнүктүрүү максатында Баткен аба майданына эл аралык макам ыйгаруу жеке инвесторлорду тартууга мүмкүнчүлүк жаратаары белгиленген.
Баткен аэропорту 3С классындагы аэродром. Аянты 66 гектар. 1984-жылы курулган бул аба майдан 24 тонналык учактарга гана ылайыкталган. Учурда Баткен – Бишкек каттамын бир гана "Тез Жет" авиакомпаниясы 99 орундуу БАэ–146-200 учагы менен жумасына төрт жолу аткарып келет.
Буга чейин алты ай ичинде Баткен аба майданындагы абалды жакшыртуу, учуп-конуу тилкесин узартуу, оңдоо тапшырмасы "Манас" эл аралык аэропортуна берилген болчу. Оңдоо иштерине 2005-жылдан бери аэропортко жакын аймактан берилип кеткен жер тилкелери тоскоолдук жаратып келет. Алардын ээлери жаңы конушунан көчүп кетүүдөн баш тартууда.
Мындан тышкары аба майдан турган жер азыр шаардын ортосунда калып калган. Ушундан улам жергиликтүү тургундар эски аэропортту оңдоп-түзөгөндөн көрө шаар сыртына заманбап аба майдан салуу сунуштарын да айтууда. Алардын пикиринде, бул эң башкысы коопсуздук үчүн да жакшы болмок. Бирок мындай сунуштарды расмий тараптар кабыл алган-албаганы азырынча белгисиз. (SA)