Украинанын чыгышындагы орусиячыл жикчилерге каршы операция православдардын Пасха диний майрамына байланыштуу убактылуу токтотулду.
Украинанын тышкы иштер министри Андрей Дещицанын 19-апрелде Би-би-си агенттигине айтышынча, жикчилер ээлеген имараттарын бошотушпаса, Пасхадан кийин Украинанын коопсуздук күчтөрүнүн операциясы кайра улантылат.
Козголоңчулар 6-апрелде ондон ашуун шаарда өкмөттүк кеңселерди басып алышкан. Украин өкмөтү аскерий операцияны ушу жумада баштаган. 18-апрелде президенттин милдетин аткаруучу Александр Турчинов жана премьер-министрдин милдетин аткаруучу Арсений Яценюк жикчилерди имараттарды калтырып кетүүгө чакырган жана оор кылмыш жасабагандарга мунапыс убада кылышкан.