Кеме кырсыгында өлгөндөрдүн саны 25ке жетти

Кемеде чөккөндөрдүн жакындары. 16-апрель, 2014-ж

Түштүк Кореядагы кеме кырсыгында мерт кеткендердин саны 25ке жетти. 270 адамдын дайыны табылбай жатат. Куткаруучулар 179 кишини сактап калганга үлгүрдү.

Кырсык 16-апрелде болгон. Чежу эс алуучу аралына багыт алган кемеде жалпысынан 475 киши бар эле. Алардын басымдуу бөлүгү Сеулдун жанындагы мектептин окуучулары.

Аба ырайынын бузулушу жана бороон-чапкын куткаруу иштеринин жүрүшүнө кедергисин тийгизүүдө. Кырсык болгон жерде 500 суучул иштеп жатат. 170 кайык жана 30 авиатехника тартылган.

Кеме эмнеден чөккөнү анык эмес. Учурда анын капитаны сурак берип жатат.