Өкмөт башчылар кыргыз-орус кызматташтыгын сүйлөштү

Орусиянын премьер-министри Дмитрий Медведев кыргыз өкмөт башчысы Жоомарт Оторбаевге телефон чалып, жаңы кызматы менен куттуктады. Телефон сүйлөшүүдө эки тараптуу соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык кызматташтыкты мындан ары улантуу жаатында сөз болду.

Өкмөт башчылар кыргыз-орус мамилесин мындан ары чыңдоодо стратегиялык өнөктөштүк негизги ролду ойнорун, бул жаатта эки тараптуу долбоорлорду ишке ашыруу улантыла берерин сүйлөшүштү. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы кабарлады. (SE)