Атамбаев Таласта иш сапарда жүрөт

Бүгүн президент Алмазбек Атамбаев иш сапар менен Талас облусунда жүрөт. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынан кабарлашты. Учурда мамлекет башчы Кара-Буура районундагы асфальт-бетон заводунун ачылышына катышууда. Андан кийин “Манас-Ордо” комплексине барат.

Президенттин Таласка сапары бүгүн түштөн кийин жыйынтыкталат. (BkA)