Былтыр акыйкатчыдан жардам сурап 17 миң киши кайрылган

2013-жылы акыйкатчыдан жардам сурап кайрылган жарандардын саны 17 миңден ашты. Бул тууралуу бүгүн парламентте жыл жыйынтыгы боюнча маалымат берип жатып акыйкатчы Бакыт Аманбаев билдирди. Анын айтымында, жардам сурагандардын саны жыл сайын көбөйүүдө. Алардын дээрлик 60 пайызы күч түзүмдөрүнүн кызматкерлерине даттангандар. Соттук жараяндарга катышуу өтүнүчү менен кайрылгандар да көп болууда. (RK)