Македонияда этностук албандар шайлоого бойкот жарыялады

Македонияда 13-апрелде өткөн президенттик шайлоого албан этносу бойкот жарыялап, катышкан жок. Албандар Македониянын батыш жана түндүк бөлүгүндө жашайт жана өлкө калкынын 25 процентин түзөт. Өкмөткө кирген албандардын "Интеграция үчүн демократиялык союз" партиясынын бирдиктүү талапкер көрсөтүү сунушун башкаруучу Консервативдик партия четке каккандан улам өз шайлоочуларын саясый өнөктүккө катышпоого үндөгөн. Азыркы президент Георгий Иванов шайлоодо жеңсе, экинчи мөөнөткө бийликте калат. Сурамжылоолорго караганда Иванов жана оппозициядагы социал-демократтар колдогон Стево Пендаровски экинчи айлампага чыгышы мүмкүн.

Македониянын 2,1 миллионго жакын элинин 64 проценти македондор, төрттөн бири албандар. Президенттик шайлоо өлкө экономикасы катаал абалды баштан кечирип жаткан тушта өтүүдө.