Суусамыр тарапта жер титиреди

Кыргызстандын аймагында кечээ, 13-апрелдин түнүндө жер титирөө катталды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашты. Силкинүүнүн очогу Суусамыр тоо кыркаларында болду. Жердин титиреши Өтмөк айылында 3 балл, Сары-Сөгөт айылында 2 балл болуп сезилди. Кыйроолор жана жабыркагандар катталган жок. (RK)