Филиппинде исламчыл топ менен аскерлер кагылышты

Филиппиндин түштүгүндөгү кагылышууларда 5 козголоңчу менен 2 аскер каза тапты. 11-апрелде 200дөй жоокер Базилан аралында исламчыл топтун лидерин колго түшүрүүгө аракеттенген. Жикчилердин "Абу Сайаф" тобу адам уурдоо, каракчылык, талап-тоноо жана башка мыйзамсыз иштердин артында турат деп айыпталууда. Ушу тапта анын колунда бери дегенде 4 чет өлкөлүк жаран барымтада кармалууда.