Ош шаарынын 1-вице-мэрлик кызматына сынак жарыяланды

Бул тууралуу “Азаттыкка” Ош шаардык мэриясынан билдиришти.
Биринчи вице-мэрлик кызматка ат салышууну каалагандар үчүн эки апталык убакыт берилген. Бул арада талапкерлер документтерин тапшырып, тестирлөөдөн өтүшү керек.

Буга Ош шаарынын мурунку 1-вице-мэри Алимжан Байгазаков ушул аптада ээлеген кызматынан өз арызы менен кеткени себеп болду. Ал Мелис Мырзакматов кеткенден бери алмаша элек акыркы орун басар болчу. (SA/YI)