Каракол шаарында митинг өткөрүү үчүн келгендердин арасынан милиция кармап кеткен 8 киши бошотулду. Бул тууралуу Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Сталбек Усубакунов “Азаттыкка” билдирди. Кармалгандардын аты-жөнү такталып, тийиштүү суроолорго жооп берген соң коё берилди.
Милициянын маалыматына ылайык, бүгүн Каракол шаарына митингге келгендердин унааларынан таштар табылган. Буга байланыштуу 8 киши кармалган болчу. (MK)
Милициянын маалыматына ылайык, бүгүн Каракол шаарына митингге келгендердин унааларынан таштар табылган. Буга байланыштуу 8 киши кармалган болчу. (MK)