Жалал-Абаддагы митинг талаптарын айтты

Ушу тапта Жалал-Абад шаарында оппозициянын митинги өтүүдө. Уюштуруучулар 500дөй киши чогулганын, ал эми көз каранды эмес байкоочулар митингчилердин саны 200дөй экенин айтууда. Талаптар: Бажы биримдигине кирүү же кирбөө маселесин элдик референдум менен чечүү, шайлоо системасын өзгөртүү, сот реформасын аягына чыгаруу, реформа жүргүзүүгө жөндөмдүү өкмөт куроо, конституциялык реформа жүргүзүү. (YA)