Луганскта облСБУ имаратын бошотуу боюнча сүйлөшүү уланууда

Украинанын мамлекеттик коопсуздук кызматынын (СБУ) айтымында, курал жараксыз 51 адам Луганск облустук коопсуздук кызматынын имаратынан чыгып кетти. Орусиячыл активисттер имаратты 6-апрелде басып алган соң ар кайсы бөлүгүнө жардыргыч зат орнотуп, 60 адамды барымтада кармап турганы кечээ маалымдалган. Протестчилер бул маалыматты калп дешүүдө. Имараттын ичинен чыккандар протестчилерби же барымтада кармалгандарбы, белгисиз. "Интерфакс" агенттигинин кабарлашынча, имараттан 56 адам чыккан жана жергиликтүү бийлик аны бошотуу боюнча сүйлөшүп жатат.